22-февралдан 23-февралга өткөн түнү бокс боюнча жарым оор салмак категориясы боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон Дмитрий Биволдун интервьюсу «Фейсбуктун» кыргыз сегментинде талкуу жаратты.
Дмитрий Бивол 23-февралдын таңында Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында Артур Бетербиевге каршы реванш өткөрүп, судьялардын чечими менен жеңүүчү деп табылып, жарым оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпионуна айланган.
Д. Бивол интервьюларынын биринде: «СССР учурунда Киргизияда туулганмын. Азыр СССР жок»,- деген. Соц.тармактардын колдонуучулары «Бивол эмне үчүн Кыргызстанда туулуп, чоңойгонмун деп айткан жок» деп нааразы болуп жаткан чагы.
Мындан улам айрым соц.тармактын колдонуучулары нааразы болгон посттору менен бөлүшсө, айрымдары Биволду колдоп жатышат.
































