Жогорку Кеңештин депутаттары 27-февралда кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат угушту.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан кайсы тилкелер менен алмашканын билдирди:

«Лейлек районунун чек араларын тактоо учурунда Кыргызстандын тарабына Тажикстандын Кайрагач тилкесинен 155 га жана Кайрагач анклавынан 35 га жер берилди. Жалпы аянты — 190 га.

Анын ордуна Кыргызстан Саада тилкесинен 21 га, Раззаков тилкесинен 23,5 га, Селкан — 4 га, Майты — 7 га, Пролетарск — 12,5 га, Улак-Жай — 15 га, Ак-Арык — 7 га, Кара-Бак — 65 га жер берди. Кайрагач анклавынын ордуна Майты тилкесинен 35 га берилди. Жалпы жонунан 190 га жер берилди.

Биз 190 га алдык, 190 га бердик. Лейлектиктер муну жакшы билишет. Биз майда тилкелерди берип, алмашуу жүргүздүк. Эгерде сиздер “Пролетарсктагы 12,5 га кандай жер?” деп сурасаңыздар, ал союз маалында “Сельхозхимия” же “Сельхозтехника” деген уюмга тиешелүү болгон. Кийин ал тилке сатылып кеткен. Биз ошол жерди кайра кайтардык. Эгер унчукпай койсок, эч ким байкабайт эле. Бирок биз ал жерди кайтарып алдык.

Ошондой эле Ак-Арыктын төмөн жагында 7 га жер бар эле. Ал жерге биздин жарандар эч качан барчу эмес, колдончу эмес. Тилкени тажик тарап пайдаланып келген. Бирок биз ал жерди өзүбүздүн жер катары эсептеп, ага алмашууга ылайык тилке алдык»,-деди ал.

Худжанд—Арка—Канибадам жолунун маселеси

«1992-жылдан бери мамлекеттик чек ара Худжанд—Арка—Канибадам автожолунун ортосунан өтүп келген. Ошондуктан, тажик тарап бул жолдун толугу менен жана “Достук” базарынын 3 га жерин берүүнү сунуштады. Жалпы аянты 12 га. Башкача айтканда, жолдун ортосундагы тилке жана базар берилди. Анын ордуна биз Лаккон жерлигинен 25 га айыл чарба жерлерин алдык. Эмне үчүн? Анткени, базар — бул соода, экономика, адамдар ал жактан киреше табышат. Экинчиден, жол — бул жөн гана аянт эмес, стратегиялык объект»,- деди Ташиев.

Кара-Бак жана Лаккон тилкелери боюнча алмашуу

«Кыргызстан Кара-Бак жана Лаккон жерлигинен 200 га жерди тажик тарапка берди. Анын ордуна Тажикстан Кара-Бак жана Лаккон тилкесинен 130 га, Курук-Сай тилкесинен 70 га, жалпысы 200 га айыл чарба жерин берди.

Кайрагач аймагында мамлекеттик чек ара Селкан каналынын боюнан өтөт. Кайрагач анклавы жоюлду. Кара-Бак—Лаккон автожолунун бир бөлүгү тажик тарапка берилди.

Эмне үчүн мындай чечим кабыл алынган? Тажик тарап Кара-Бакты айланып өткөн жолду колдонуп келген. Алар түз жол менен жүрүүгө шарт түзүп берүүнү суранышты. Биз макул болуп, анын ордуна 200 га айыл чарба жерин алдык»,-деди ал.

Ак-Суу/Исфара суусу боюнча маселе

«Водозабор «Головной» боюнча көп жылдар бою талаш болуп келген. 1989-жылдан бери кыргыз жана тажик тараптар бул объектти экиге бөлүүнү сүйлөшкөн. Бирок биз буга макул болгон эмеспиз. Ак-Суу дарыясы эки тарапка бөлүнөт, бирок “Головнойго” жеткенде бир агымга айланат. Тажиктер “сууну тең бөлүш керек” десе, биз “жок” дедик. Акыры биз компромисске келип, компенсация катары:

Чоң-Алай районундагы Мунжу-Булак аймагынан 500 га,

Кароол-Дон тилкесинен 100 га,

Сүлүктү шаарынын кире беришиндеги 100 га,

Катта-Туз тилкесинен 150 га жер алдык.

Катта-Туз 600 га болсо, анын 450 га бизге тийди. Ошентип, “Головной” суусунан компенсация катары жалпы 750 га жер алдык.

Баткен менен Исфаранын чектеш аймактарын ирээтке келтирүү

Кыргызстандын Достук айылынан 91 га, Мазаиттен 8,3 га, Көк-Теректен 17,5 га, Таш-Тумшуктан 20,1 га, Дача тилкесинен 5 га берилди.

Анын ордуна Исфара районуна караштуу Сомониён айылынын 18,4 га, Дахму тилкесинин 3,1 га, Ходжаи-Аало айылынын 21,5 га, Говсувар тилкесинин 2,7 га, Мин-Булактын 42 га, Лаккон жерлигинин 55 га жерин алдык. Жалпысы — 142,7 га.

Достук айылын толугу менен бердик. Бирок ал үчүн компенсация талап кылып, Кара-Бактан 30 га жер алдык. Бул аймакка көчүрүлгөн тургундар үчүн үйлөр салынып, жаңы конуш түзүлөт»,- деди УКМК төрагасы.

Ворух анклавы

«1991-жылкы маалыматтар боюнча, Тажикстан Ворух аймагында 19 миң га жерди пайдаланып келген. Узун талкуулардан кийин, 14,5 миң га жер аларга берилди. Ошондой эле, анклавдын тегерегиндеги 1 миң га жайыт жерди кошуп бердик. Анын ордуна Чоң-Алай районундагы Караган-Сайдан 1 миң га жайыт жерин алдык.

Ошондой эле төмөнкү жерлер боюнча алмашуу болду:

Кыргыз тарапка 300 га жер берилди (бул жерде вагондор жайгашкан эле).

Караган-Сайдагы эски көпүрө кыргыз тарапка калды.

Төрт-Көчө жолу нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан аны чогуу пайдаланат»,- деди ал.

«Кыргыз-тажик чек арасы боюнча бардык көйгөйлүү маселелер чечилди. Ошондой эле, айыл чарба жана энергетикалык объекттерди эки өлкө тең эркин пайдаланууга шарт түзүлдү. Буга чейин бул объекттер башка мамлекеттин аймагында калып, колдонуудан чыккан эле. Эми алар мыйзамдуу түрдө иштетилет.

Ошентип, чек ара маселелери боюнча чечимдер кабыл алынып, аймактар такталды»,- деди Ташиев.

  • Окшош жаңылыктар

    Кара-Кулжада атасы өз кызын зордуктаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды

    Кара-Кулжа районунда өз кызын зордуктаган атасы соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө өзгөчө оор кылмыш тууралуу…

    Ала-Букада дүкөндөрдү өрттөө ишин уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

    Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болгон жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК жана Жалал-Абад облустук ички иштер…

    Жооп калтыруу

    Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

    Сиз өткөрүп жибердиңиз

    Кара-Кулжада атасы өз кызын зордуктаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды

    • Март 1, 2025
    • 96 views

    Ала-Букада дүкөндөрдү өрттөө ишин уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

    • Февраль 28, 2025
    • 130 views
    Ала-Букада дүкөндөрдү өрттөө ишин уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

    Шакир уулу Нурсултан “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

    • Февраль 28, 2025
    • 104 views
    Шакир уулу Нурсултан “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

    Алтынбек Пирматовдун иши үчүнчү судьяга өттү

    • Февраль 28, 2025
    • 95 views
    Алтынбек Пирматовдун иши үчүнчү судьяга өттү

    Алтынбек Пирматовду сот 1000 000 сом төлөөгө милдеттендирди

    • Февраль 28, 2025
    • 90 views
    Алтынбек Пирматовду сот 1000 000 сом төлөөгө милдеттендирди

    Бишкекте мурдагы бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

    • Февраль 28, 2025
    • 73 views
    Бишкекте мурдагы бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

    Ош шаарында Өзбекстанда издөөдө жүргөн экстремисттик топтун башчысы кармалды

    • Февраль 27, 2025
    • 96 views
    Ош шаарында Өзбекстанда издөөдө жүргөн экстремисттик топтун башчысы кармалды

    Ош шаарында Германиянын ардактуу консулунун инаугурациясы өттү

    • Февраль 27, 2025
    • 93 views
    Ош шаарында Германиянын ардактуу консулунун инаугурациясы өттү

    Чолпон-Атада 29 миң доллар пара берип жаткан жаран кармалды

    • Февраль 27, 2025
    • 82 views
    Чолпон-Атада 29 миң доллар пара берип жаткан жаран кармалды

    Стамбулда АКШ менен Россия элчиликтердин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

    • Февраль 27, 2025
    • 87 views
    Стамбулда АКШ менен Россия элчиликтердин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

    Жогорку Кеңештин депутаттары 27-февралда кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат угушту.

    • Февраль 27, 2025
    • 77 views
    Жогорку Кеңештин депутаттары 27-февралда кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат угушту.

    Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы канча мүлкү бар экенин билбейт.

    • Февраль 27, 2025
    • 107 views
    Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы канча мүлкү бар экенин билбейт.

    А. Навои паркы абдан эскилиги жеткен, ошону карап коюш керек.

    • Февраль 27, 2025
    • 70 views
    А. Навои паркы абдан эскилиги жеткен, ошону карап коюш керек.

    Ош шаарынын бюджети бекитилди

    • Февраль 27, 2025
    • 82 views
    Ош шаарынын бюджети бекитилди

    Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген 500 млн сом акчага атайын техникаларды сатып алууга уруксат берүү маселеси колдоо тапты

    • Февраль 27, 2025
    • 78 views
    Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген 500 млн сом акчага атайын техникаларды сатып алууга уруксат берүү маселеси колдоо тапты

    Мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

    • Февраль 26, 2025
    • 74 views
    Мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

    Министрликке талапкер Мамбеталиевдин эмгек жолу сынга алынды

    • Февраль 26, 2025
    • 75 views
    Министрликке талапкер Мамбеталиевдин эмгек жолу сынга алынды

    Айпери Медет кызы PWL 8 турниринде жеңишке жетти

    • Февраль 26, 2025
    • 75 views
    Айпери Медет кызы PWL 8 турниринде жеңишке жетти

    АКШ 5 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА «АЛТЫН КАРТА» САТУУНУ ПЛАНДООДО

    • Февраль 26, 2025
    • 79 views
    АКШ 5 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА «АЛТЫН КАРТА» САТУУНУ ПЛАНДООДО

    Чүйдө 11-класстын окуучусу асынган абалда табылды

    • Февраль 25, 2025
    • 107 views
    Чүйдө 11-класстын окуучусу асынган абалда табылды

    Ош облусунда кызыл сызыктагы мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда

    • Февраль 25, 2025
    • 81 views
    Ош облусунда кызыл сызыктагы мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда

    Кыргызстанда ЖМКны жабуу же ишин токтотуу чечимин сот гана кабыл алат, – Юстиция министрлиги

    • Февраль 25, 2025
    • 78 views
    Кыргызстанда ЖМКны жабуу же ишин токтотуу чечимин сот гана кабыл алат, – Юстиция министрлиги

    БУУнун Коопсуздук Кеңеши Украинадагы согушту токтотууга чакырган резолюцияны колдоду

    • Февраль 25, 2025
    • 86 views
    БУУнун Коопсуздук Кеңеши Украинадагы согушту токтотууга чакырган резолюцияны колдоду

    Жогорку соттун коллегиясы Камчы Көлбаевдин жубайына карата өкүмдү өзгөрттү

    • Февраль 25, 2025
    • 84 views
    Жогорку соттун коллегиясы Камчы Көлбаевдин жубайына карата өкүмдү өзгөрттү

    Ош облусунда аскер кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды

    • Февраль 25, 2025
    • 73 views
    Ош облусунда аскер кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды

    Ош шаардык мэриясы 2025-жылга карата бюджет долбоорун коомдук угууга чыгарды

    • Февраль 25, 2025
    • 101 views
    Ош шаардык мэриясы 2025-жылга карата бюджет долбоорун коомдук угууга чыгарды

    Кыргызстанда “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” бирикмесинин мүчөлөрү кармалды

    • Февраль 24, 2025
    • 88 views
    Кыргызстанда “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” бирикмесинин мүчөлөрү кармалды

    «СССРде төрөлгөм»: Дмитрий Биволдун интервьюсу соц.трамактын колдонуучуларынын бүйүрүн кызытты

    • Февраль 24, 2025
    • 81 views
    «СССРде төрөлгөм»: Дмитрий Биволдун интервьюсу соц.трамактын колдонуучуларынын бүйүрүн кызытты

    Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зекет берүүнүн тартибин аныктады

    • Февраль 24, 2025
    • 95 views
    Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зекет берүүнүн тартибин аныктады

    Ош шаарында дубал беттериндеги шектүү электрондук даректер өчүрүлүүдө

    • Февраль 24, 2025
    • 86 views
    Ош шаарында дубал беттериндеги шектүү электрондук даректер өчүрүлүүдө

    Кыргызстанда блогерлер Креативдүү индустриялар паркына резидент боло алышат

    • Февраль 24, 2025
    • 81 views
    Кыргызстанда блогерлер Креативдүү индустриялар паркына резидент боло алышат

    Зеленский: Украинага узак мөөнөттүү тынчтык жана коопсуздук кепилдиктери керек

    • Февраль 24, 2025
    • 77 views
    Зеленский: Украинага узак мөөнөттүү тынчтык жана коопсуздук кепилдиктери керек

    АКШ: Трамп администрациясы USAIDде 2 миң кызматкерди кызматтан бошотту

    • Февраль 24, 2025
    • 89 views
    АКШ: Трамп администрациясы USAIDде 2 миң кызматкерди кызматтан бошотту