Кара-Кулжа районунда өз кызын зордуктаган атасы соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө өзгөчө оор кылмыш тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) жана 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен иш козголуп, тергөө башталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын 1983-жылы туулган тургуну Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот анын бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарган.
Иш сотко өткөрүлүп, Кара-Кулжа райондук соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, аны өмүр бою эркинен ажыратты.
































