Буга чейин ал, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун башчысы кызматын ээлеген.
Большевиков Абай Кылычбекович, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин ордун тапшырып, «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.
«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеген Каракулов Нурмухаммед Давыдович Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Буга чейин Нурсултан Шакир уулу Жарандарды тейлөө бюросунун башчысы болуп иштеген. Ага чейин Ош шаардык муниципалдык турак жай-коомунчалдык чарба ишканасынын башчысы, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын башчысынын орун басары, Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
Абай-Нур Большевиков буга чейин Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын башчысы болуп иштеп турган. Ал бул кызматка 2023-жылдын апрель айында келген.































