Бишкек, 26-февраль – Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына талапкер Мирбек Мамбеталиевдин эмгек жолун сынга алышты. Депутат Надира Нарматова («Ата-Журт Кыргызстан») анын 2003-жылдан бери 28 жолу иш ордун алмаштырганын белгилеп, бул көрүнүш таң калычтуу экенин айтты.
«Сиз менеджерлик жөндөмүңүздү далилдөө үчүн жоопкерчиликти аласыз. Президенттин ишенимин актоо керек. Бирок эң чоң кемчилигиңиз – маданият тармагында бир күн да иштеген эмессиз. Ошондуктан, сиз өз жөндөмүңүздү, ишиңизди көрсөтүшүңүз зарыл», – деди Нарматова.
Ал маданият мамлекеттин жүзү экенин белгилеп, жеке менчикке өтүп кеткен маданий объектилерди кайра мамлекеттик менчикке кайтарууга чакырды.
Депутат Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан») да кесиптешинин оюн кубаттап, Мамбеталиевдин 28 жолу жумуш ордун алмаштырганы министрлик кызмат үчүн олуттуу маселе жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. «Сиздин ишиңизди убакыт көрсөтөт», – деп кошумчалады ал.
Ошондой эле Эрбаев Маданият министрлигинин Шах-Фазил мавзолейин жеке ишкерге ижарага бергени боюнча маселени көтөрдү. Анын айтымында, күмбөзгө мамлекеттик бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан каражат бөлүнгөнүнө карабастан, ал кароосуз калган. Депутат бул объектти айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүнү сунуштады.
Министрликке талапкер Мирбек Мамбеталиев депутаттардын сын-пикирлерине жооп катары маданият тармагында жаңыча башкаруу моделин ишке ашырууга даяр экенин билдирди.































