Ош облусунда бир катар аскер комиссариаттарынын кызматкерлери коррупциялык схемаларга аралашкан деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маалымдады.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, 24-февралда УКМК жана Аскер прокуратурасы биргелешип жүргүзгөн иш-чаранын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Коррупция”) каралган кылмыштын белгилери боюнча буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде Кара-Суу, Араван жана Өзгөн аскер комиссариаттарынын айрым кызматкерлери кармалган.
Тергөө материалдарына ылайык, алар жарандарды аскердик кызматтан мыйзамсыз бошотуу, мобилизациялык резервге киргизүү жана чакырууга байланыштуу негизсиз артыкчылыктарды берүү үчүн акча талап кылган коррупциялык схеманы уюштурган.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кошумча далилдерди топтоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралары жүрүп жатат.











































