Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Пирматовдун иши үчүнчү судьяга өттү. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Алтынбек Пирматовдун иши үчүнчү судьяга өткөн. Пирматовдун жактоочусу буга чейинки судьяларга ишенбөөчүлүк билдирген.
«Буга чейин Пирматовдун иши экинчи судьянын өндүрүшүнө алынып, иш каралып баштаганда жактоочусу ишенбөөчүлүк билдирген. Азыр иш үчүнчү судьяга өттү»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Пирматовдун соту 2024-жылдын 27-декабрына дайындалып, прокурор менен жактоочусу соттук процесске келбей калган үчүн сот отуруму жылдырылган. Кийинчерээк Пирматовдун жактоочусу судьяга ишенбөөчүлүк билдирип, иш башка судьяга өткөн.
Пирматовдун камактагы мөөнөтү ушул жылдын 13-февралына чейин узартылган.
Пирматовго УКМК тарабынан 2024-жылдын ноябрь айынын айгында кылмыш иши козголгон. УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боючна башкармалыгынын тергөө кызматы Пирматовду Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Ш.га Туран кичи районундагы 2,2 гектар жерди мыйзамсыз берүү фактысы боюнча айыптаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Пирматов Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда ошол кездеги Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га Туран кичи районундагы сел суусун агызуучу каналдын жер тилкесин жеке менчикке өткөрүү үчүн жасалма аукцион уюштурууга көмөктөшкөндүгү аныкталган.































