Бишкек, 24-февраль 2025-жыл. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу тергөө иштерин жүргүзүп, бир катар жарандарды кармады.

ИИМ тараткан маалыматка ылайык, аталган бирикменин айрым мүчөлөрү акыркы убактарда жарандарды массалык башаламандык уюштурууга, нааразылык акцияларына жана митингдерге чакырып, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө аракет кылган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Зомбулук менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштуруу”) боюнча кылмыш иши козголгон

Тинтүү жана далилдер
2025-жылдын 24-февралында ИИМдин Тергөө кызматы шектүү делген бирикме мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүздү. Текшерүү учурунда бир катар далил заттар табылган. Алардын арасында:
Граната, ок атуучу куралдар (обрез, тапанча) жана ок-дарылар;
Камуфляж кийимдер, атайын бет каптар (балаклава);
Наркотикалык заттар;
Диний адабияттар;
Массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча көрсөтмөлөр;
Муздак курал, унаа номерлери, мобилдик телефондор жана флэш-карталар бар.
Кармалган жарандар
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, төмөнкү жарандар шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:
У.К. (1963-ж.), Ч.А. (1956-ж.), И.К. (1983-ж.), Н.К. (1965-ж.), И.Д. (1969-ж.),
Т.Дж. (1965-ж.), О.И. (1967-ж.), И.Дж. (1979-ж.), А.К. (1975-ж.), У.К. (1968-ж.), К.Б. (1961-ж.).
ИИМдин маалыматы боюнча, кармалгандардын арасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты да бар.
Учурда тергөө амалдары улантылып, шектүүлөрдүн аракеттерине юридикалык баа берилүүдө. Мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрү билдирилди.














































