Ош – Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы (Ош ШИИБ) бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте дубалдарга жазылган шектүү электрондук даректерди өчүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Милициянын маалыматына караганда, бул даректер жаштарды гана эмес, өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы жарандарды да мыйзамсыз иштерге тартууга багытталган. Тергөө иштеринде аталган жазуулар Россия Федерациясынан башкарылып жатканы аныкталган. Буйрутманы чет өлкөдөгү адамдар берип, аны жергиликтүү тургундар аткарууда.
Ош ШИИБ бул көрүнүштүн арты жакшы эмес экенин эскертип, жаштарды мыйзамсыз иштерден алыс болууга чакырат. Ошондой эле шаар тургундарына дубал беттерине жазылган мындай даректерге алданып, байланышуудан карманууну жана шектүү маалыматтар тууралуу милицияга 102 номери аркылуу билдирүүнү суранат.
Учурда ички иштер органдары тарабынан жергиликтүү кварталдык башкармалыктар менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлүп, мындай көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча пландар макулдашылды. Ошондой эле жазууларды жазган адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иштери жүрүп, жакын арада жыйынтык чыгары күтүлүүдө.
Ош ШИИБ шаар тургундарын мыйзамсыз аракеттерге аралашпастан, кылмыштуулук менен күрөшүүгө көмөктөшүүгө чакырат.































