Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) бир жылдык мөөнөт менен зекет берүүнүн шарияттагы жана учурдагы дүйнөлүк тажрыйбасын эске алуу менен зекет берүү тартибин аныктады.
КМДБнын маалыматына ылайык, ар бир мусулман адамдын байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөн зекет өлчөмүнө (нисабына) жетип, колунда бир жыл толук кармалып турган болсо, ал адамга зекет берүү парз болот. Зекеттин өлчөмү байлыктын кырктан бир бөлүгү (2.5%) деп белгиленди.
Зекеттин эсептелиши
Учурдагы эсептөөлөр боюнча зекеттин (нисабы) өлчөмү 20 мискал алтынга барабар болуп, бул болжол менен 85 граммды түзөт. Кыргызстанда 1 грамм алтындын орточо баасы 4 550 сом болгондуктан, 85 грамм алтын 386 750 сомго бааланат. Демек, ушул суммага жеткен байлыктан 9 668 сом зекет чыгарылууга тийиш. Бул эсептөөлөр алтын, нак акча жана соода-сатык максатында алынган товарларга тиешелүү. Ал эми күнүмдүк турмушта колдонулган үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш жана идиш-аяктар зекетке кирбейт.
Мал жандыктардын зекети
Зекет мал жандыктарынан да алынат. Анын баштапкы өлчөмдөрү төмөнкүчө аныкталды:
Уй – 30 баш уйдан ашса жана мал алты айдан ашык жайытта багылса, бир жаштан өткөн кунажын зекет катары берилет.
Кой, эчки – 40 баш кой же эчкиден бирөө зекетке чыгат (алты айдан ашык жайытта багылган болсо).
Төө – 5 баш төөгө жетсе, зекет катары бир кой берилет.
Жылкы – күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган жылкылардан зекет берилет. Эгер жылкынын жалпы баасы зекет берүү өлчөмүнө жетсе, кырктан бири зекет катары чыгарылат.
КМДБнын билдирүүсүндө бул эсептер учурдагы алтын баасына жараша чыгарылганы белгиленген. Ошондой эле мал жандыктардын саны көбөйгөн сайын зекеттин көлөмү да өзгөрө турганы эскертилди.
Зекет – Исламдын негизги парздарынын бири болуп саналат. Анын негизги максаты – коомдогу муктаж жарандарды колдоо жана байлыкты адилеттүү бөлүштүрүү.































