Бишкек шаарындагы мурдагы бала бакчанын имараты мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Маевка Муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 735,8 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имараты мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылганы аныкталды. 1994-жылы менчиктештирүү учурунда объект мыйзамсыз сатылып кеткени такталган.
Жеке менчикке өткөндөн бери бул имарат өз багыты боюнча колдонулбай, кароосуз калып, дары-дармек сактоочу жай катары пайдаланылып келген.
Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында имараттын ээси С.В.А. мүлккө мыйзамсыз ээлик кылганын түшүнүп, аны жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарып берди. Учурда имарат Бишкек шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп, максаттуу пайдаланууга берилмекчи.











































