Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Ош шаардык кеңешинин сессиясында “Жаңы Кыргызстан” фракциясынан депутат Мырзабек Белекбаев билдирди. Анын айтымында , парктар каралбай калган.
“Урматтуу мэр, А. Навои паркын карап койсоңуз. Абдан эскилиги жеткен да”,- деди ал.
Жеңишбек Токторбаев А. Навои паркы кимдерге ижарага берилип, канча акча түшөрүн тактап коюну Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырды.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максат Орозалиев А. Навои паркын “Балдар келечеги” ишканасы ижарага алганын, айына 233 миң, бир жылга 2 млндон ашык ижара төлөрүн билдирди.
Ошондой эле, Мырзабек Белекбаев вице-мэр Замир Юсуповду сылык болууга чакырды.
Мурунураак Замир Юсупов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, көтөрүлгөн тондо сүйлөгөн эле.
“Кечирим сурайм”,- деди вице-мэр.































