Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Пирматовго соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка карагандай, Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 24-февралындагы өкүмүнүн негизинде П.А.А. Кылмыш-жаза кодексинин 337-ст. 3-б. менен күнөөлүү деп табылып, 10 000 эсептик көрсөткүчтө айып салынган, тактап айтканда, 1 000 000 (бир миллион) сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлүүсү милдеттендирилген.
Айыпталуучу П.А.А. карата камактагы бөгөт коюу чарасы эч жакка кетпөө түрүнө өзгөртүлүп, камактан бошотулган.































