Бүгүн, 27-февралда Ош шаарында Германия Федеративдүү Республикасынын Ош жана Баткен облустары боюнча ардактуу консулу Медер Төрөевдин инаугурациясы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу, Ош шаарынын мэриясынын, Президенттин Ош жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле элчиликтерден коноктор катышты.
Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Константин Селенти Медер Төрөевдин бул кызматка тандалышынын негизги себеби катары анын Германияда 20 жыл жашагандыгын, эки элдин маданиятын жакшы билерин жана эки өлкөнүн тең жараны экенин белгиледи.
Инаугурациянын жүрүшүндө эки мамлекеттин достук мамилесин бекемдөө, экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.




































