Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь айында укук коргоо органдары тарабынан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында расмий киреше булагы жок туруп, кылмыш жолу менен кымбат баалуу мүлктөрдү мыйзамдаштырган жаран К.К.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө К.К. текшерүүнүн жыйынтыгына таасир этүү максатында УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири суммадагы — 29 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуш кылган. Ал 2025-жылдын 25-февралында акча берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.



































