Алматы, 25-февраль – Кыргызстандын белгилүү балбаны Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан Professional Wrestling League (PWL) турниринде жеңишке жетип, дагы бир ирет өзүнүн күчтүү спортчу экенин далилдеди.
Турнирдин ачылыш беттеши 76 кг салмактагы эркин күрөш боюнча аялдар арасында өтүп, анда Айпери казакстандык атаандашы Жамиля Бакбергенова менен күрөшкө чыкты. Кармаштын биринчи бөлүгүндө Медет кызы атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн 1 упай алды. Бирок калыстар дал ушундай жагдай үчүн Бакбергеновага да 1 упай берип, эсеп 1:1 болду.
Беттештин соңуна бир мүнөт калганда Айпери күчтүү ыкма колдонуп, атаандашын көтөрүп ыргытып, төрт упай алып, жеңишти камсыздады.
Белгилей кетсек, бул эки балбан 2023-жылкы Азия оюндарында да финалда беттешип, анда да Айпери Медет кызы 7:4 эсеби менен жеңишке жетип, алтын медаль уткан.
PWL 8 турниринде Кыргызстандын дагы бир даңазалуу балбаны Акжол Махмудов да күч сынашат.































