Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чарасынын алкагында, Өзбекстандын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн, Фергана өрөөнүндөгү жашыруун экстремисттик топтун башчысы М.М.Х. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган адамдын кылмыштуу байланыштарын аныктоо учурунда Кара-Суу шаарынын 1998-жылы туулган тургуну И.Б.Б. такталып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. УКМК жүргүзгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмуна тиешелүү үгүт материалдары, китептер, байланыш каражаттары (телефон жана планшеттер) табылып, далил катары алынган.
2025-жылдын 14-февралында Кара-Суу шаардык соту И.Б.Б.ны күнөөлүү деп таап, аны 4 жылга эркинен ажыратты. Учурда тергөөчүлөр кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштерин улантууда.



































