Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Ош шаардык кеңешинин сессиясында “Милдет” фракциясынан депутат Медер Абдыманапов билдирди.
Анын айтымында, аталган башкармалык мүлкүн билбегени үчүн былтыркы планын аткара албай калган.
“Биринчи суроом, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы планын толтурдубу?,- деп суроо салды ал
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы былтыркы жылы 170 млн акча толбой калган.
“Былтыркы жылы 508 млн план коюлган эле. Быйыл 560 млн сом план коюлган, кантип аткарасыз планды”,- деди депутат.
Өз кезегинде муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы атайын пландардын негизинде толтурарын билдирди.
“Жеңишбек Шермаматович, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мүлктөрү боюнча бизде сонун команда бар. Келишим түзүп иштеңиздер, айтишниктерде сонун план бар”,- деди депутат.
Ошондой эле, маданият башкармалыгы боюнча сөз болду. Калаа башчысы Оштогу “Кыргызстан” театрына барганын билдирип, буларга токтолду.
“Кыргызстан” театрына барганбыз, билесиз. Ал театрды Самара Каримова деген ырчы кызыбыз күйөөсү менен ижарага алып иштетет экен. Маданият министри менен сүйлөшкөнбүз, бирок, ал да алмашып кетти. Самара Каримовалар жылына 50 миң сомдой акча ижара төлөйт экен. Буюрса, Ош шаардык маданият башкармалыгын ошол жакка көчүрөбүз”,-деди мэр.































