Ош облусунун аймагында кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды алуу жана жолдорду кеңейтүү иштери уланууда. Бул иштер Президент Садыр Жапаровдун №56 Жарлыгынын жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин буйругунун негизинде жүргүзүлүп жатат, деп билдирди Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Учурда Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Кара-Суу районунун Мады жана Баш-Булак айыл аймактарынан өткөн бөлүгүндө кызыл сызыктын чегинен чыккан 500дөн ашуун ар кандай багыттагы курулуш алынган. Ошондой эле Кара-Суу районунун Савай жана Отуз-Адыр айыл аймактарында да мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо жана жолду кеңейтүү иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.
Адистер буга чейин тургундарга кызыл сызыктагы объектилерин алып салуу боюнча бир нече жолу эскертүү беришкен. Айрым жарандар талапка баш ийип, курулуштарын өз алдынча жылдырса, кээ бирлери мыйзам талаптарын аткарбагандыктан, бүгүн атайын техника менен мажбурлап бузуу иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, жолдорду кеңейтүү жана мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери облус боюнча бардык райондордо жүрүп жатат. Расмий маалыматтарга ылайык, ушул күнгө чейин 1000ден ашуун объект бузулду.
Бул чаралар аймактагы жол коопсуздугун камсыздоо, транспорт кыймылын жакшыртуу жана шаарды иретке келтирүү максатын көздөйт.
































